Бекжан Темирхан — МАДАМ текст песни
Кара көйнөк,кара шым
Бир-бирине жарашып
Илип алдың көзүмдү
Кадамыңды санатып
Көздөрүң көл карасам
Чөгүп эле баратам
Кызарып көзгө урунат
Кулпунайдай помадаң
Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам
Кериле басканыңыз марал-марал
Мейли азыр койбосоң да карап-карап
Акыры сага бир күн жагам-жагам
Кыры колду кесчудөй
Көйнөгүңдүн жакасы
Такылдап ойду бурат
Туфлиңдин такасы
Ашык болду көңүлүм
Жүрөгүңө кычырап
Мас болду эх жүрөгүм
Атырыңдын жытына